05 October 2018

Ош - байыркы жана берекелүү шаар. Үч миң жылдан ашкан тарыхында ал ири империялардын гүлдөп турган учуруна, Улуу Жибек Жолундагы кербендерге, ар түрдүү эл жана маданиятка күбө болду. Калаанын чок ортосунда орун алган Сулайман-Тоосу, жашоо символу болгон Ак-Буурасы, чыныгы чыгыш базары, даамдуу ашканасы менен Ош далайларды суктандырат. Бул жолу сиздерди мыкты үч сүрөтчү менен бирге ордолуу Ошко саякатка чакырабыз. 

Поделиться
Класснуть